Геморрой оорусун кантип чыгуу керек

Геморрой (көк баш) -көк кан тамырларынын варикоздук (түйүн сымал) кеңейиши. Ал сырткы жана ички болуп бөлүнөт. Сырткы геморрой сырткы көк кан тамырларын,
ал эми ички геморрой ички көк кан тамырларын кеңейишинен пайда болот.

Геморрой көк кан тамырлардын тубаса начардыгынан,
көк кан тамырларында кандын начар айланышынан болот. Ага ичтин катышы, көтөн чучуктун түрдүү шишиктер, боюнда бар кезде жатындын кысуусу, жатындын туура эмес жайгашуусу,
көпкө олтуруп иштөө, ар кандай спирт ичкиликтерин,
өтө ачуу тамактарды ичүү жана башка түрткү берет.

https://data.vb.kg/kyrgyz/image/big/2015-04-14_17-32-21_481750.jpg

Геморрой менен орто жаштагы жана улгайган адамдар көп ооруйт, айрыкча эркектер жапа чегет, чанда жаштарда да кезигет. Көп учурда ал акырындык менен өөрчүп, адегенде көйгөйлүү жердин тегереги кычышат, кээде ооруйт, ич катып, жагымсыз сезим пайда болот. Бул белгилер бир нече айдан бир нече жылга чейин созулуп, спирт ичкиликтерин жана ачуу тамак ичкенде күчөйт. Кийинчерээк кан агат (заңда кан тамчылары болот). Натыйжада оорулуу көп кан жоготуп, аз кандуулук өөрчүшү ыктымал.

Геморрой эгерде геморрой түйүн чөлөрдүн бүтөлүшүнөн жана сезгенишинен кабылдап кетсе өтө катуу ооруйт, дене ысыйт, ич катат. Оору кабылдап кеткенде сезгенүү анын тегерегиндеги клетчаткаларга жайылып кетиши ыктымал.

https://data.vb.kg/kyrgyz/image/big/2015-04-14_17-30-48_575588.jpg

Геморрой — мезгили менен кармап туруучу өнөкөт оору. Сезгенбей турган мезгилде оорулуу өзүн жакшы сезет. Оору өтүшүп кеткенде тез-тез кармап, бат-бат көп кан агат. Ички түйүнчөлөр сыртка чыгып же кысылып калганда өтө катуу ооруйт. Түйүнчөлөр көгөрүп, кээде карарып, катууланат.
Геморройдон жапа чеккен киши дайыма дарыгердин көзөмөлүндө болуп, эгерде сезгенүү пайда болуп, түйүнчөлөр кысылып же заңдаганда кан чыккан учурда тезинен врачка кайрылуу зарыл. Түйүнчөлөр чыгып калганда кайра киргизүүгө аракеттенүүгө болбойт, себеби ал көп кан агууга жана оор кабылдоого алып келиши мүмкүн.

https://data.vb.kg/kyrgyz/image/big/2015-04-14_17-31-02_831954.jpg

Ооруну пайда кылган себептерге карата дарылоо жүргүзүлөт.
Анын натыйжасы оорунун абалына, врачка өз убагында кайрылгандыгына,
анын көрсөтмөлөрүн толук аткарышына жараша болот. Жогору атылма муздак душ, мөмө-жемиштүү диета сунуш кылынат. Убагы менен заңдоонун мааниси чоң. Күчөп кеткен учурда хирургиялык операция жасалат.

https://data.vb.kg/kyrgyz/image/big/2015-04-14_17-30-57_162578.jpg

Геморройду алдын алууда түрткү берүүчү себептерди четтетүү, биринчиден ичти катырбоо керек. Бала чактан өздүк гигиенаны сактоого, ар бир заңдаган сайын жуунууга үйрөтүү зарыл. Аз кыймылдуу иште иштегендердин гимнастика жасагандары максатка ылайык: туруп иштегендер (дүкөнчү, чач тарач) көнүгүүлөрдү отуруп, ал эми отуруп иштегендер туруп же басып жасоочу көнүгүүлөрдү жасоо керек. Геморройдун биринчи белгилери байкалгандарга врач айыктыруучу гимнастика сунуш кылат.

https://data.vb.kg/kyrgyz/image/big/2015-04-14_17-31-07_345318.jpg

Мындан сырткары….

Ич катуунун себептерине негизинен жоон ичегинин иштөө функциясынын начарлашынан келип чыгат. Ага өбөлгө түзгөн себептер: — Инсульт — Мээдеги кан айлануунун бузулушу — Депрессия — Айыз циклинин бузулушу — Семирүү — Кант диабети — Ашказан жарасы — Жоон ичегинин шишиги — Чат булчуңдарынын функцияларын жоготушу — Ашыкча тоюп алуу — Кыймыл-аракеттин аздыгы

Ич катуунун белгилери:

Ашказандын оорушу — Табиттин жоголушу — Баш оору, жүрөк айлануу — Ооздун жагымсыз жыттанышы — Зарна — Ичтин көбүшү — Уйкусуздук

Заңдоодо кыйналуудагы ич катууну үй шартында дарылоо ыкмалары:

Лимон

Бир даана лимондун ширесин толугу менен сыгып, ага бир жумуртканын сарысын кошуп аралаштырасыз.
Мындан соң аралашманы бир стакан (200) апельсин ширесине кошуп ич катуудан арылганча ичип турасыз.

https://data.vb.kg/kyrgyz/image/big/2015-04-14_17-30-43_444799.jpg

Өсүмдүк майы

Жарым стакан (100 г) өсүмдүк майы менен уктаар алдында клизма жасап, анан эртең мененкиге чейин капталдап жылуу жатуу зарыл. Бул ыкманы ич катуудан айыгып, ашказаныңыз жакшы болгончо күн сайын жасай бересиз.

Кефир

Бир стакан өтө муздак эмес кефирге 10 грамм өсүмдүк майын кошуп, экөө бири-бирине жакшы сиңгенче 5 мүнөттөй аралаштырып туруу зарыл. Анан мындай аралашманы уктаар алдында өзүңүздү жакшы сезгенче ичип турасыз.

https://data.vb.kg/kyrgyz/image/big/2015-04-14_17-30-53_839560.jpg

Суу

Уктаар алдында кадимкидей эле клизма жасап жатып, эртең менен турганда ачкарын 2 стакан муздак суу ичип, андан туптуура 1 саат өткөндө тамак ичүү керек. Мындай ыкманы 1 же 2 жума тынымсыз жасасаңыз, ич катуудан арыласыз. Бака жалбырак. Бака жалбырактын уругун чогултуп алып, андан идишке 1-2 аш кашык салып, үстүнө бир стакан сууну куюп жай отто 10 мүнөт кайнатуу керек. Бул кайнатмадан жылуу абалында күн сайын эртең менен ачкарын 2 аш кашыктан иче бересиз. Каакым. Жаңы жулунган каакымдын тамырларын таза жууп, майдалап, андан стаканга 2 чай кашык салып, үстүнө кайнак суу куюп 8 саатка тыныктырып коюу керек. Анан айыкканча бул тундурманы төрткө бөлүп күнүнө 4 маал тамак алдында ичип турасыз.

Читайте также:  Можно ли вылечить геморрой второй стадии

Источник

Доктурга текшерилүүнү көпчүлүк сүйө бербейт. Ал эми проктологго дегеле эч кимдин баргысы жок. Бир жагынан уят көрүшөт. Бирок “ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат” дегендей, оорунун уяты жок. Бул ирет эл сөз кылуудан тартынган геморрой оорусу тууралуу Улуттук госпиталдын проктология бөлүмүнүн жетекчиси Ызакжан Бектенов менен маек курдук.

АКЧА ТАБУУ ҮЧҮН АЛДАШАБЫ?
– Ызакжан мырза, алгач кепти бизге болгон телефон чалуулардан баштасак.
Чалгандар: “Курбум экөөбүз теледен бир проктологдун жарнамасын көрүп калып, ага барган элек. Текшергенден кийин “силердики геморрой экен. Лазер менен жок кылуу керек. Акысы 4-5 миң сом” деди. Бизден кийин кирген келин да сүйлөнүп чыкканынан сурасак, ага да дал эле бизге айткандай айтыптыр. Биздин анча акчабыз болбогондон кийин Улуттук госпиталдын проктология бөлүмүнө кайрылдык эле, лазер-мазери жок, жөнөкөй дары-дармек менен 2-3 аптада айыктырып коюшту. Ошондон улам тиги проктолог акча үчүн баргандардын баарына “лазер менен дарылаш керек” дей берет окшойт деп калдык. Ушинтип элди алдаса боло береби?”- деп кайрылышты. Бул боюнча эмне дейсиз?
– Сиз айткандай окуялар кездешип жатат. Айта турган нерсе, республика боюнча проктология бөлүмү бизде, анан Ош облустук ооруканасында 16 койкалуу гана бөлүмчө бар. Геморройду сапаттуу дарылап айыктыруу үчүн кеминде 4-5 жылдык тажрыйба керек. Бирок жалпы хирургия жаатында иштеп, анан проктолог болом деп биздин бөлүмгө келип, 1 ай курстан өтүп лицензия алып кеткендер бар. Алардын тажрыйбасы жетишерлик эмес да. Оорунун оор-жеңилине карабай “мындай ыкма колдоном, мынча акча алам” десе, ал өз абийиринде.
– Бир жылда бөлүмгө канча оорулуу келип түшөт?
– Биздин бөлүмдө жоон жана ичке ичеги, көтөн чучук оорулары менен 1 жылда 1500дөн көп адамга операция жасалат. Ал эми амбулатордук түрдө дарылангандардын саны 2000-2500гө жетет.

“БАШКЫ СЕБЕПКЕРИ – ЖАМБАШТА УЮП КАЛГАН КАН”
– Геморрой оорусу эмнеден улам жаралат?
– Көтөн чучуктун ич жагында да, сырт жагында да геморройдук түйүндөр бар. Алар өздөрүнүн “жаздыкчалары” менен (сүрөттө жүзүм мөмөсүндөй) ичегидеги нерселерди сыртка чыгарбай кармап турушат. Адам көп кыймылдабаганда жамбашта кан туруп калат да, ошол геморройдук түйүндөр кандан улам көөп чыгат. Мунун натыйжасында акырындап уюган кан (тромб) пайда болот. Мунун алгачкы белгисине көтөн чучуктун тегерегинин аздан кычышуусу, ачышуусу кирет. Буга айрымдар бир топ жылдар бою маани беришпейт. Анан бир күнү ыйынганда көтөн чучуктан кан чачырап, адам даарат кагазында кан калганын көрөт.
Геморройго кез келгендердин кээсинин көтөн чучугунан геморройдук түйүндөр нокоттой же жаңгактын көлөмүндөй болуп көрүнүп турат. Бул оору – уяттуу эмес, азаптуу оору.
– Келип чыгуу себептерин тагыраак айтсаңыз…
– Оорунун келип чыгышынын себептери бир топ:
ичегинин функциясынын бузулушу (ич катуу, ич өтүү), кош бойлуулук, төрөт, дамамат отуруп иштөө (айдоочулар, офис кызматкерлери ж.б.), оор жумуш, ичимдик ичүү.
Аял кош бойлуу кезинде түйүлдүк жамбаш чарасындагы кан тамырларды кысып калат. Мындай кезде аялдын ичи өтсө же ичи катса, туздуу, ачуу тамактарды көп колдонсо, ансыз да чыңалган кан тамырларды ого бетер чыңалтат да, геморройдун келип чыгуу коркунучун күчөтөт.
Төрөт мезгилинде веналардын чыңалуусунан кан туруп калып, геморройдук түйүндөр чоңоюп кетет. Ошондуктан төрөттөн кийин аял туруп калган кан тарасын үчүн жай басып же жатып көнүгүүлөрдү жасашы керек.
– Геморройдун негизги белгилери кандай?
– Көтөн чучуктун оорушу, кан агуу, геморройдук түйүндүн түшүшү, көтөн чучуктун айланасынын кычышуусу жана ачышуусу, суюктуктун бөлүнүп чыгышы эсептелет.

“МУЗДАГЫРААК СУУ МЕНЕН ГАНА ЖУУНУУ КЕРЕК!”
– Бул оорунун кандай түрлөрү бар?
– Курч кармаган жана өнөкөткө айланган түрү бар. Мындан тышкары ички, тышкы жана аралаш геморрой деп да ажыратылат.
Сырткы геморрой – көтөн чучуктун терисинин алдында жайгашкан чырмалышкан веналардын кеңейип кетиши.
Ички геморрой – арткы тешиктин ич жагындагы чырмалышкан веналардын кеңейип кетиши. Бул түрү бир нече стадияга бөлүнөт:
I стадия – көтөн чучуктагы чырмалышкан веналардын кеңейиши.
II стадия – веналар кеңейип отуруп, геморройдук түйүн пайда болот.
Күч келгенде (ыйынганда) түйүн көтөн чучуктан чыгып кетет да, бирок кайра калыбына келип калат. Геморрой андан өнүгүп кетпеши үчүн адам дааратканада ичегисин бошоткон соң ордунан турбай жумшак кагаз менен аарчынып, анан муздагыраак суу менен көтөн чучугун кол менен сылап жуушу зарыл. Ысыктын кеңейте, муздактын тарыта турган күчү болгондуктан, муздагыраак суу булчуңдарды жыйрылтып, көтөн чучуктун кайра киришин шарттайт.
Кээ бирлер ордунан туруп, анан булчуңун ичке тартып, геморройду ичке киргизүүгө аракет кылышат. Бул туура эмес. Чыгып калган геморрой адам турганда кыпчылып калат да, ичке кирбейт.
III стадияда геморройдук түйүн түшөт (сыртка чыгып калат). Кол менен ичке киргизүүгө туура келет.
IV стадияда геморройдук түйүн көтөн чучуктун былжыр кабыгы менен кошо сыртка чыгып калат да, ичке киргизүүгө мүмкүн болбой калат (кол менен дагы). Жүк көтөргөндө, көбүрөөк басканда деле чыгып кетет.
Аралаш геморройдо ички жана тышкы веналар да кеңейип кетет.

Читайте также:  Свечи на основе травы от геморроя

“ООР ТҮРҮНДӨ ОПЕРАЦИЯ ЖАСАЛАТ”
– Дарылоодо кандай ыкмалар колдонулат?
– Ички геморройдун 1-2-стадиясында консервативдүү дарылоо (операциясыз) жүргүзүлөт. Дары свечалар жана антибиотиктер колдонулат.
Консервативдүү дарылоо жардам бербесе, төмөндөгү ыкмалардын бири колдонулат:
1. Инфракызыл нур менен күйгүзүү. Геморрой түйүндөрүнө келген кан тамырлар күйгүзүлүп, оору жок кылынат.
2. Склеротерапия. Көтөн чучукка атайын зат киргизилет. Геморрой түйүндөрү бырышып, андан ары чоңоюшу токтойт.
3. Латекс шакекчелерин түйүндөргө кийгизүү. Шакекчелер кийгизилген соң түйүндөр өлүп (некроз), өзү түшөт.
Ички геморройдун 3-4-стадиясында операция жасалат. Операциянын узактыгы 30 мүнөттүн тегерегинде.

“САМЫН МЕНЕН ЖУУНБОО, КУЙРУК МАЙ КОЛДОНБОО КЕРЕК!”
– Кээ бирлер геморройдо чочконун майын, куйрук майды колдонушат. Бул туурабы?
– Экөөнүн тең геморройдо таасири жок. Кайра ооруну күчөтүп жиберет. Геморройдун кайсы стадиясы экенин билбей дарыканадан дары-дармек алып, өз алдынча дарыланууга да болбойт. Андыктан убакыт менен акчаны коротпой, проктологго келүү керек.
– Марганцовка, самын менен жуунуучу?
– Экөө тең көбүрөөк колдонгондо көтөн чучуктун айланасындагы терини кургатып, ооруну күчөтүп жиберет. Жогоруда айткандай, геморрой болсо да, болбосо да муздагыраак суу менен жуунуу зарыл. Бул геморройдун жаралуусунун алдын алат.
– Оорунун алдын алууга кеңе­ши­ңиз…
– Ичтин катканына жеткирбөө, ич өтсө убагында дарылануу керек.
Дамамат отуруп иштөөчүлөр 3 саат сайын 10-15 мүнөт басып же көнүгүүлөрдү жасоосу, жумшак креслону катуу орундукка алмаштыруусу кажет.
Ун азыктарынан жасалган тамак-ашты аз, жашылча, айранды көбүрөөк пайдалануу туура.
Боюнда барлар жамбашында кан уюп калбоосу үчүн сейилдеп, гимнастика жасоолору зарыл.

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg

Читайте также:  Геморрой упражнения в картинках

«Супер-Инфо» гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу «Супер-Инфо» гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Источник